Депутаттардын күлкүсү мектептеги коррупция тууралуу айтып жаткан кызды ыйлатты (видео)

Автор -
345

Кечээ, 20-ноябрь күнү Жогорку Кеңеш Дүйнөлүк балдар күнүнө жана Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата окуучулар менен жолугушкан.

Анын жүрүшүндө №87 мектептин окуучусу сөз сүйлөгөн. Кыз өзү окуган мектепте бир гана медайым бар экенин жана ал 2 700 баланы жалгыз тейлей турганын айткан.

«Ал балдардын билегине уколду бекер сайбай, акчага саят», — деп арызданды секелек кыз. 

Бул сөздөрдөн кийин айрым депутаттар күлүп жиберишти. Жыйынтыгында өзүн түйшөлткөн көйгөйдү көтөрүп чыккан окуучу ыйлап жиберип, сөзүн улантуудан  баш тартты.

https://youtu.be/uBJnI20KCY4