Бишкекте #RЕАКЦИЯ аттуу тынч митинг өттү

Автор -
204

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте #RЕАКЦИЯ аттуу тынч митинг өттү. Аны жарандык активисттер «Азаттык» менен «Клооптун» Бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө бийликтен тийиштүү реакция болбой жатканына нааразычылык катары уюштурушкан.

Акция саат 11:00дө башталып, катышуучулардын айтымында, эки миңге жакын адам келди. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, мурунку депутат Ширин Айтматова байкалды. Митинге активист Улан Үсөйүн модераторлук кылды. Келгендер бийликке 3 талап коюшту:

  • Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимовду камоо;
  • ууру-коррупционерлерди кармоо;
  • тынч митингдерге оң реакция жасоо — уурдалган акчаларды бюджетке кайтарып, аларга мектеп жана ооруканаларды салуу.

Иш-чара болжол менен 2 саатка жакын созулду. Бийлик өкүлдөрү тараптан чогулгандарга эч ким чыккан жок. Акциянын модератору Улан Үсөйүн бул биринчи коңгуроо экенин, бийлик тараптан реакция болбосо, мындай акция уланарын билдирди. Андан ары ал митинг катышуучуларына талаптарга кол коюп, үйлөргө тарап кетүүгө чакырды.