«Өкмөттү жамандаган маалыматтарды тараткан». УКМК соцтармак колдонуучусун кармады

Автор -

Аймактар аралык касташууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучусу кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 24-ноябрында УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу «А.Ж.» кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

[ads-quote-center cite=’УКМК’]«Такталгандай «А.Ж.» жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан».[/ads-quote-center]

2019-жылдын 25-ноябрында ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген. Тергөө жүрүп жатат.