Орусиялык дарыгерлер бетинин басымдуу бөлүгүн кал баскан америкалык бөбөккө операцияны ийгиликтүү жасашты. Эми кыздын чекеси калдан арылды. Бул тууралуу наристенин апасы Кэрол Феннер өзүнүн Instagram баракчасына жазып, видео жүктөдү.
https://www.instagram.com/p/B5ZTCyphpVB/
Эске салсак, флоридалык 35 жаштагы Кэрол Феннер аттуу аял ушул жылдын март айында кыздуу болгон. Дарыгерлер ымыркай төрөлгөндө бетин жарым-жартылай каптап турган кара такты көрүп, тери рагы деп божомолдошкон. Бирок кийин анализдери жакшы чыгып, меланоцитардык невус — сейрек кездеше турган кал деген диагноз коюлган.
Кийин анын ата-энеси кызын дарылап бере турган мыкты дарыгерлер Россияда бар экенин билип, бөбөктү Краснодарга алып келишкен. Бир нече апта мурда дарыгерлер кызга операция жасап, калдын чеке жактагы бөлүгүн алышкан.
Видеодо сүйлөп жаткан дарыгердин айтымында, операциянын жыйынтыктары медиктер күткөндөн дагы жакшы болду.
[ads-quote-center cite=’деди дарыгер.’]«Наристе менен апасын жаңы жылдын алдында үйүнө жиберели дегенбиз. Бирок экөө андан дагы эрте, 1-декабрда, АКШга учканы турат. Бирок келерки жылдын январь айынын аягында кайра жолугабыз»[/ads-quote-center]