Токмок шаарында 62 жаштагы эркек киши аялын бычак менен сайып салган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Окуя 29-ноябрь күнү Токмок шаарындагы медициналык борборлордун биринде катталган. Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү келген. Анда аял киши бычактан жаракат алып түшкөнү айтылган. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, окуяны такташкан.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Шаардагы медициналык борборлордун биринде жубайлардын ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинде күйөөсү ошол борбордо иштеген аялын бычак менен сайып, качып кеткен. Жабырлануучу, 57 жаштагы Ш.Г.,аймактык ооруканага жеткирилген»,[/ads-quote-center]Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Издөө иштеринде шектүү катары 62 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кармалган. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды.