Кыргызстан консулдук каттоону on line ыкмага өткөрдү

Автор -

Чет жактагы кыргызстандыктардын консулдук каттоого туруусу жеңилдеди. Бул тууралуу 6-декабрда Тышкы иштер министрлиги кабарлады, деп жазат «Азаттык».

Мекеменин маалыматына караганда, 25-ноябрда өкмөт автоматташтырылган «Консулдук каттоо» санарип системасы аркылуу жарандарды каттоого алуу жана чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат. Консулдукка барып убара болбойт, акча да төлөбөйт.

Консулдук каттоонун негизинде шайлоочулар тизмеси түзүлөрү белгилүү. Андыктан, ТИМ белгилегендей, on line ыкма аркылуу катталууну каалагандардын саны көбөйсө, шайлоочулардын базасы да кеңейет.

Келерки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Калкынын саны 6 миллион Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет жакта окуп, иштеп жүрөт.