Полковник Чойбеков катышкан жол кырсыгы. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду

Автор -

Сокулук райондук милициясынын начальниги Максат Чойбековдун унаасы менен кагышкан жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду. Бул кабарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тастыктады, деп билдирет «Марал» радиосу.

Улуттук госпиталда оор абалда жаткан жабырлануучу кечээ, 9-декабрда каза болгон. Маркум кырсыктан оор жаракат алып, адегенде Кант шаардык ооруканасына жаткырылган болчу. Кийин Улуттук госпиталга которулган.

Эскерте кетсек, 7-декабрда Бишкек-Торугарт унаа жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгы болгон. Райондук милиция башчысы өзүнө тиешелүү «Мерседес-Бенц» автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан «Мерседес-Спринтер» жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу оор абалда Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө тушкөн. Кийин Улуттук госпиталга которулган. Чойбеков өзү амбулатордук түрдө дарыланып кеткени айтылган.

Жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 9-декабрда Чойбеков тергөө иштери аяктаганга чейин кызматынан четтетилгени  маалымдалган. Бүгүн болсо, Саламаттыкты сактоо министрлиги Чойбековго операция жасалаарын, анын 3 кабыргасы сынып кеткенин билдирген.