Матраимовдор ЖМКлардын банк эсептерин камактан чыгаруу өтүнүчүн келтиришти

Автор -
351

Матраимовдордун жактоочулары «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg сайттарынын банктык эсептерин камакка алуу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышты. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асель Оторбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, өтүнүч бүгүн, 13-декабрда сотто каралат. Бирок Матраимовдор аталган ЖМКлардан миллиондорду өндүрүп берүү тууралуу жазган доо арызын кайтарып алган жок.

Доогер катары Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов, Искендер Матраимовдун аял Миновар Жумаева, Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова, ошондой эле, «Исмаила Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, Kloop.kg жана 24.kg сайттарын сотко берип, алардан 60 миллион сом талап кылып жатканы белгилүү болгон. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирүүгө» айыпталууда. Анын негизинде ошол эле күнү Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка алган.
Матраимовдор талап кылып жаткан доонун суммасы:
  • «Азаттык Медиа» мекемесинен – 22,5 миллион сом;
  • Журналист Али Токтакуновдон – 10 миллион сом;
  • 24.kg маалымат агенттигинен – 15 миллион сом;
  • «Клооп Медиа» коомдук фондунан – 12,5 миллион сом.