«Муздаткычтагыдай — суук». Акыйкатчыдан Бишкектеги убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыгууну суранышат

Автор -

Жарандык көзөмөлдөө комитети акыйкатчы Токон Мамытовдон Бишкектеги убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыгууну өтүндү.

Жарандык активисттер Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун сөзүнө таянуу менен Кыргызстандын башкы укук коргоочусуна убактылуу кармоочу жайларда абанын температурасы өтө төмөн экенин маалымдашты. Жарандык көзөмөл комитети адамдарды мындай шартта кармоо — кыйноого тете деп эсептешет.

«Кыргыз Республикасы адамдарды камакта кармап туруунун минималдуу стандарттарын карманууга милдеттүү», -дешет комитеттен.