Пара менен кармалган тергөө бөлүм башчысы камалды

Автор -

Бишкекте пара менен кармалган ШИИББнын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысы № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту тандады. Сотко чейинки өндүрүш уланууда. Эске салсак, милиция мурда болгон жол кырсыгы боюнча маселени оң жагына чечип берем деп (жаран жөө жүргүнчүнү сүзүп алган), жарандан 1 миң доллар пара талап кылган.

«Буга чейин жаран жабырлануучунун дарылануусуна кеткен чыгымды толугу менен төлөп берип, материалдык жана моралдык чыгымдардан кутулган. Жабырлануучу кийин тосмо арыз да жазган. Бирок, ШИИББнын кызматкерлери жаранды опузалап, ишти сотко өткөрөбүз деп пара талап кылышкан», — деп айтылат билдирүүдө.