Балыкчы-Жел-Арык темир жолунда 8 вагон рельстен чыгып кетти

Автор -
Иллюстрация

Боом капчыгайында темир жолдо бара жаткан 8 вагон рельстен чыгып кетти. Балыкчы-Жел-Арык каттамы менен бара жатканда кырсык болуп, темир жол убактылуу жабылганын «Кыргыз темир жолу» ишканасы бүгүн, 18-декабрда маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.

ӨКМдин маалыматына караганда, жүк ташуучу поезд көмүр тартып бараткан. Жерине  ИИМден  кызматкерлери, Балыкчы шаардык №19 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн  1 бөлүм тартылды.