Криминалдык төбөл Азиз Батукаев боюнча УКМКнын имаратында боло турган соттун көчмө отуруму кайрадан башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди, деп жазат Sputnik Кыргызстан.
«Жараян шектүүлөрдүн бири катары суралып жаткан академик Абдухалим Раимжановдун ден соолугунун начарлыгынан кийинкиге жылдырылды. Андан сырткары, нааразылыгын билдирген Алмазбек Атамбаев сот зал деп белгиленген жерден кайрадан туруп кетип калды», — деди Слесарев.
Юрист кийинки сот отуруму 9-январга белгиленгенин кошумчалады. Процесс кайрадан эле УКМКнын ичинде болмокчу. Отурумду Биринчи Май райондук сотунда өткөрүү боюнча сунуш келип түшүп, ал маселени кароону кийинки отурумга калтырышты.
Эске салсак, мындан бир нече күн мурда процесс УКМКнын ичинде болгон. Адвокат ишти кароону Атамбаевдин катышуусуз өткөрүүнү суранганын, бирок сот андан дагы баш тартканда мурдагы президент ордунан туруп кетип калган.