КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева үй камагына алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева, Саясий кеңештин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев 27-декабрда саат 14:00 ИИМге суракка киришкен.
Ал жерден Кундуз Жолдубаева менен Мээрбек Мискенбаевге үч: барымтага алуу, массалык башаламандык жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу беренелери менен айып тагылган.
Учурда Биринчи Май райондук соту Мээрбек Мискенбаевди 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1ге камакка алып, Жолдубаеваны үй камагына чыгарды. Ушул эле беренелер менен айыпталып жаткан ЖК депутаты Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкина дагы үй камагында калды.