Таш-Көмүр шаарында 27 жаштагы жаран изделип жатат

Автор -
315

Таш-Көмүр шаарында 27 жаштагы жаран 4 күндөн бери дайынсыз. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

2019-жылдын 26-декабрь күнү Чүйүт-Сай айылынын тургуну 1992-ж.т. эркек киши үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 15 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган. Бирок издөө иштери натыйжа бербей, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 30-декабрь күнү издөө иштери улантылат.