Алмазбек Атамбаевдин каналын рейдерлик басып алуу аракети жүрүүдө

Автор -

Кыргызстанда экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык 7-каналды рейдерлик менен басып алуу аракети жүрүүдө. Бул тууралуу мурунку мамлекет башчысынын жакындарына таянып, April.kg сайты жазып чыкты.

Учурда 7-каналдын («Канал D» ЖЧКсы)  тегерегиндеги соттук териштирүүлөр токтой элек. Мүлктү мурунку ээси Майрамкүл Мамбеталиева аттуу жаран кайра талашып жатат.

Булактар «Апрелге» алып-сатуу келишиминин көчүрмөсүн жана башка документтерди беришкен. Келишимге ылайык, Мамбеталиева аталган каналды 2018-жылдын апрель айында 7 миллион сомго Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» коомдук фондуна саткан.

Бирок, бир канча убакыт өткөндөн кийин жогоруда айтылган айым сотко кайрылып, келишимди жараксыз деп табуу өтүнүчүн келтирген. Келишимдеги кол тамга жасалма экенин, каналдын сатылып кеткенин билбестигин айткан.

«Алмазбек Атамбаев келишимге кол коюлгандан кийин Майрамкүл Мамбеталиевага 6 миллион 300 миң сом төлөп берген. Аны тастыктаган документтин көчүрмөсүн экс-президентке жакын булактар беришти. Өз кезегинде каналды сатып алган дагы бир тарап «Апрель» фонду Мамбеталиевага 700 миң сом төлөп берген. Бул каражат сатуучунун эсебине которулган. Аны банктан берилген документтен көрүүгө мүмкүн», деп жазат April.kg.

Экс-президентке жакын булактар 7-каналды рейдерлик жол менен азыркы бийликке жакын адамдар өзүнө тартып алуу аракетин көрүп жатканын билдиришет. Ал эми М. Мамбеталиеваны курал катары колдонуп жатканын айтышууда.

Эске салсак, 2019-жылдын 9-августунда 7-каналдын («Канал D» ЖКЧсы) мүлкүн КР Аскер прокуратурасы камакка алган. Каналдын Оштогу имаратына мөөр басылган. Бир нече күндөн кийин тергөөчүлөр канал кызматкерлерине кеңсени ачып беришкен. Көп узабай телеканал ишин жанданткан. Ал эми аталган ЖМКнын редакциялык саясаты толугу менен өзгөргөн.