АКШнын элчилиги журналистке кол салуу боюнча өз пикирин билдирди

Автор -

Америка Кошмо Штаттарынын Бишкектеги элчилиги FactCheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго болгон кол салууну айыптады. Бул тууралуу аталган элчилик тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда элчилик кол салууну сынга алып жана тез иликтөөгө чакырган президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратына үндөш пикирде экенин билдирген.

[ads-quote-center cite=’деп айтылган билдирүүдө.’]«Жалпыга маалымдоо каражаттары журналисттер коркутуп-үркүтүүгө кабылбай иш алып барган учурда гана эркин болууга мүмкүндүк алышат. Окуянын так иликтенип жана кол салууга күнөөлүүлөрдүн кечиктирилбестен жоопко тартылышы, Кыргыз Республикасынын өз демократиялык баалуулуктарын жана эркин жана ачык прессаны коргоо салтын улантуусунда чоң мааниге ээ», [/ads-quote-center]

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго 9-январда Бишкекте адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Кылмышка шектүүлөр кармала элек. Бүгүн, 10-январда ИИМ бул факт боюнча «Карактоо» беренеси менен иш ачканы белгилүү болду.