Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн Matteo Pellicone эл аралык турниринен алтын медаль уткандан кийин Бириккен күрөш уюмуна интервью берди. Спортчунун маеги уюмдун You Tube каналына жайгаштырылды.
Ал жаңы жылдан кийин ооруп калып алиге чейин толук айыга электигин, мындан улам килемге чыкканда бар күчүн жумшай албай калганын айтты. Мындан ары дагы Азия чемпионатына жана башка турнирлерге катышуу ниети бар экенин билдирди. Эң башкысы, Олимпиададан алтын медаль алууга катуу даярданып жатканын баса белгиледи.
Спортчу кечээ, 16-январда, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болуп кыргызстандыктарды дагы бир ирет кубандырды. Ал эми 12-январда Стамбулда болгон Yasar Dogu 2020 эл аралык турниринде да баш байгени багындырган. Жалпылап айтканда, Тыныбекова төрт күндүн ичинде эки алтын медаль тагынды.