Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында 33 жаштагы келин эки баласы менен иске ууланды. Бул тууралуу райондун акими Эрмек Омошев билдирди, деп жазат «Азаттык».
[ads-quote-center cite=’деди Омошев.’]«Маалымат угар замат айылга барып, ал үй-бүлөдөн кабар алдык. Окуя 20-январь түндөсү болуптур. Үй ичиндеги мешке көмүр жагып, ошого ууланып калышкан. Кошуналары бир күн мурун эшигин такылдаткан учурда ачпай коюшкан. Эч ким билбегендиктен уулангандар эки күн үй ичинде жатып калышкан», [/ads-quote-center]Жергиликтүү бийлик 3 адам каза болгон үй-бүлөгө материалдык жардам берүүнү караштырып жатат. Айылдаштарынын айтымында, каза болгон келиндин күйөөсү Орусияда эмгек мигранты болуп иштечү. Каза болгон уулу 7 жана кызы 5 жашта болчу.
Былтыр февралда да Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып 7-класстын окуучусу апасы экөө каза болгон эле.