Ошто коңшу өлкөнүн жараны жасалма доллар менен кармалды

Автор -

Ошто коңшу өлкөнүн жараны жасалма доллар менен кармалды. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, 2020-жылдын январь айынын башында ИИМ кызматкерлерине ири өлчөмдөгү жасалма акчаларды таратууга аракет кылып жүргөн кылмыштуу топ тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө ички иштер органынын кызматкерлери жасалма америкалык долларды сатуу менен алектенип жүргөн адамдардын изине түшүшкөн. Январдын ортосунда Ош шаарында бул кылмышка шектелип, коңшу өлкөнүн 30 жаштагы жараны Б.З. кармалды.

Аны тинтүү учурунда жанынан 100 долларлык 5 кагаз алынган. Алар бут кийиминде катылуу болгон. Дайындалган соттук-техникалык экспертиза ал акчалардын жасалма экенин тастыктады.

Учурда шектүү Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.