Өзгөн шаарынын 23 жаштагы тургуну өз баласын сатууга шектелип кармалды. Ага кардар табууга башка жаран жардам берген. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 20-январь күнү Өзгөн районундагы төрөт үйүндө аял өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын сатууну көздөп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Милиция 21-январь күнү балалуу келинди жана жана ага бала сатууга көмөктөшкөн, мурда сот жообуна тартылган Ош шаарынын 45 жаштагы тургунун ымыркайды 5000 АКШ долларына баалап, соодалашып жаткан учурунда кармады.
Кармалган эки аял Жазык кодексинин 171-беренесинин («Кишилерди соода кылуу») 2-3-бөлүмдөрү менен шек саналып, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып, ымыркайдын энеси соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылып, ортомчу болгон аял эки айга камакта калды.