Равшан Жээнбековго Кылмыш кодексинин 7 беренеси боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев бүгүн, 28-январда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Коюлган айыптардын арасында бийликти күч менен тартып алууга аракет кылуу жана барымтага алуу бар.
«Кой-Таш окуяларынан кийин Жээнбековду күбө катары бир нече ирет суракка алышканын билебиз. 14-декабрдагы акыркы суракта аны шектүү катары камакка алышары белгилүү болду», — деди ал.
Белгилей кетсек, саясатчы соттун чечими менен 9-февралга чейин Тергөө абагына алынган.
«Бул айыптоолордун баары негизсиз. Равшан Жээнбековду бир нече жолу күбө катары суракка алышкан. 2019-жылдын август айында өткөн акыркы суракта аны шектүү катары камай турганын маалымдашкан. Бирок кармашкан эмес. Беш ай өтүп, шектелип жатканы тууралуу билдирүү беришти. Эмне үчүн дароо камашкан жок? Ал кезде тергөөдө далил болгон эмес шекилдүү, бирок андай далил азыр деле жок. Равшан Жээнбеков кылмыш кылган эмес. Анын Кой-Таштагы бардык иш-аракети тасмаларда көрүнүп турат», — деди жактоочу.
Жоошевдин айтымында, Жээнбеков өзүнүн кармалышын саясий чечим катары баалоодо. Коюлган беренелердин баары оор жана өзгөчө оор болгондуктан, Жээнбеков 15 жылдык жаза мөөнөтүн алышы мүмкүн.