Бүгүн, 30-январда УКМК тарабынан Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү — 67 млн. 644 миң. 674 сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.
Депозиттин эсеп ачылгандан бери УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарган каражаттардын жалпы суммасы 371 млн. 291 миң 036 сомду түздү.
Депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлүп, жемкорлордон кайтарылган каражаттар ушул эсепке которулуп турат. Маалым болгондой, депозиттик эсептен 15 мектеп курууга каражат бөлүнгөн. Бишкек шаарына 7, Чүй облусуна 7, Ош шаарына 1 мектеп курулмакчы.