Жүргүнчү аялды зордуктаган. Орусияда кыргыз жараны издөөгө алынды

Автор -

Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык таксист мас абалындагы жүргүнчү аялды зордуктоого шектелип изделип жатат. Бул туурасында орусиялык басылмалар билдирди.

Маалыматка караганда, 2-февраль күнү түнкү саат 2:00 чамасында дүкөндө кассир болуп иштеген 46 жаштагы аял  «Яндекс такси» тиркемеси аркылуу такси чакырып,  Skoda Rapid үлгүсүндөгү унаага түшкөн.

Крупская көчөсүндөгү 11/3 үйүнүн жанынан айдоочу күч колдонуп, аны зордуктаган. Мындан кийин аял унаадан түшүп кетип, жашаган жерине жөө жеткен. Жабырлануучу кызуу абалында болгонун мойнуна алды.

Бул кылмышка 33 жаштагы кыргызстандык жаран шектелип, издөөгө алынды. Анын Орусияга 2019-жылдын апрель айында мигрант катары келгени белгилүү, убактылуу каттоого турган. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.