Кытай: коронавирустан каза тапкандар — 563, айыккандар — 1 153

Автор -
@НТВ

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 563 адамга жетти, жуктургандар  28 018 адам, айыгып чыккандар -1 153. Мындай маалыматты Кытай Элдик Республикасынын саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитети берди, деп маалымдайт РИА Новости.

Бир күн мурун илдетти 24,3 миң адам жуктуруп, 490 адам каза тапканы маалымдалган болчу.

«5-февралдын түнүндө 31 провинциядан алынган маалыматка караганда, 28 018 киши өпкөнү сезгенткен жаңы вирусту жуктурганы, алардын ичинен 3 859 адам оор абалда экени, 563 адам каза таап, 1 153 адам ооруканадан үйлөрүнө чыгарылганы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары АКШда он экинчи адам коронавирусту жуктурганы катталды, бул Висконсин штатындагы аталган вирус табылган биринчи учур.

Түштүк Корея 2019-nCoV коронавирусу жуккан дагы 5 жаңы учур катталганын билдирди, ошентип, ал өлкөдө аталган ооруга кабылгандардын жалпы саны 23кө жетти.