УКМК: Баабиевдин билдирүүсү кылмыш жоопкерчилигинен качуу иш-аракети

Автор -

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, Кой-Таш окуясы боюнча иште шектүү катары өтүп жаткан Фархат Баабиев аскер прокурору Нуркамал Набиевге кайрылып, УКМК кызматкерлеринин иш-аракетине юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Учурда №1 Тергөө изоляторунда отурган Баабиев алардын ишин чагым катары баалап, УКМК кызматкерлерине карата кылмыш ишин ачууга чакырган.

УКМК өз кезегинде Баабиевдин айткандарын кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети катары баалады.

«Ф.Баабиевдин арызына ылайык, аймактар аралык кастыкты жана улуттар аралык козутууга багытталган видео-жарыяны телефондун видео камерасына тартып, ал жерде адамдардан кечирим сурагандыгын КР УКМК кызматкерлери тарабынан монтаждалып интернет тармактарына жайылтышты дегенин, КР УКМК кылмыш жоопкерчилигинен качуунун аракети катары баалайт», -деп айтылат таратылган маалыматта.

Анда «сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын чыгарылган корутундусуна ылайык, Ф.Баабиевдин сөздөрүндө аймактар аралык кастыкты козутууга, зомбулукка ачык чакырактар камтылган. Иликтөөдөн өткөн текстте мамлекетте башаламандыкты уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алууга алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталган», -деп айтылат.

УКМКдан билдиришкендей, «Алматы шаарындагы сот экспертиза Инстититутунун соттук-фоноскопиялык экспертизасынын берген корутундусуна ылайык жазылган үн жана сөз Ф.Баабиевге таандык болгону аныкталган».

«Эскерте кетсек, 2019-жылдын 14-августунда YouTube видеохостинг сайты аркылуу (Фархат Бабиев менен Амандын ортосундагы телефон сүйлөшүүсү) «Атамбаев тарапкерлери эмнени эңсеген?» делген темада аймактар аралык кастыкты жана улуттар аралык козутууга багытталган  видео-жарыя таратылган.

«Ф.Баабиев менен Аман аттуу жарандын сүйлөшүүсүндө Чүй облустунда Ош облусунун ишкерлерининин бизнестерин талап, үйлөрүн өрттөп аймактар аралык  кастыкты козутууга багытталган чакырыкты байкоого болот. Буга байланыштуу, 2019-жылдын 15-августунда Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошону менен бирге, Кой-Таш окуясын тергөөнүн жүрүшүндө  Ф.Баабиев массалык башаламандыкты уюштурууга активдүү катышкандыгы аныкталган. Буга байланыштуу 2019-жылдын 14-августунда шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда Ф.Баабиевге байланыштуу сотко чейинки өндүрүш аяктоодо», -деп билдиришет комитеттен.