Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кишини сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыктан улам Ө. Самат аттуу жаран Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына түшкөндүгү жөнүндө кабарды милицияга дарыгерлер берген.
Жабырлануучу адамды сураштырганда, Каракол шаарынын Масалиев көчөсүндө унаасы бузулуп калып, түшүп жаткан мезгилде артынан келе жаткан белгисиз автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин билдирген. Ошол мезгилде, жол кырсыгына күбөө болгон адамдар, жабырлануучуга «Тез жардам» кызматын чыгырып, ооруканага алып келишкен.
Күбөлөрдөн тийиштүү маалыматтарды алган жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору тез аранын ичинен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен автоунааны аныкташып, анын айдоочусу Каракол шаарынын 19 жаштагы Ф. Николайды кармоого үлгүрүштү.
Ал болжол менен түнкү саат 00.20 чамасында өзүнүн «Фольксваген – Гольф-2» автоунаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп алгандыгын жана коркуп кетип, окуя болгон жерден качып кеткендигин мойнуна алган.
Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 297 (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.