Короновирустун жайылышына каршы аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул туурасында КМден билдиришти.
Жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалып, ал жакта антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар, жеке коргоочу медициналык каражаттар бар. Жүк жалпысынан 7 тоннанын тегерегинде.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды белгиленген жерге, тагыраак айтканда, “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө пунктуна чейин жеткирди.