Акыйкатчы: Атамбаев кан басымы төмөндөп кетип жатканын билдирди

Автор -

Акыйкатчынын өкүлдөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 21-февралда билдирди.

«Атамбаев абак шартына даттанган жок. Ден соолугу тууралуу ал кийинки убакта кан басымы төмөндөп кеткен учурлар көп болуп, ошондуктан медицина кызматкерлерине кайрылууга мажбур экенин айтты. Мындан башка да маселелер айтылды, акыйкатчынын аппараты ал боюнча иш жүргүзөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана өткөн жылдын августундагы Кой-Таш окуялары боюнча бир катар беренелер менен айыпталууда. Ал 2019-жылдын 8-августунда УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Быйыл январда Биринчи май райондук соту Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга, 15-мартка чейин узарткан.

20-февралда Бишкек шаардык соту райондук соттун бул чечимин чечимин күчүндө калтырды.