Чүйдө 70 жаштагы аялды карактап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 18-февраль күнү Аламүдүн айылындагы үйлөрдүн биринде бет капчан болгон белгисиз жаран каракчылык кылганы боюнча маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 70 жаштагы аялды бычак менен коркутуп, анын акчаларын жана зер буюмдарын уурдап, андан соң качып кеткенин аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү катары 37 жаштагы жаран кармалып учурда СИЗО-1ге камакка алынды.
Тергөөдө шектүү буга чейин аталган аялдын үйүн сатып алмакчы болуп, анын үйүнө барып жүргөнү белгилүү болду. Кылмышкер аял баласы менен гана жашай турганын, баласы көпчүлүк убакта жумушта болорун аныктап билген.