Мэрия: Бишкекте троллейбустарга видео камера коюла баштайт

Автор -

Бишкекте троллейбустарга видео камера коюла баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жасалып жаткандыгы айтылат.

«Бишкек троллейбустук башкармалыгы видео камераларды алуу үчүн тендер жарыялады. Жалпысынан техникаларды алууга шаардык бюджеттен 2 миллион сом каралып жатат. Бул каражатка:

  • 254 даана камера;
  • 61 видео каттагыч ( 4 камера – AHD 720р, 1-PoN 720p IP камералары GPS, 3G WI-FI менен);
  • 44 IP камералары (1080p, диаметри 93, бийиктиги 84);
  • 149 көрсөтүү сапаты жогору болгон куполдук камера алуу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Тендерге катышуу үчүн табыштамалар 11-мартка чейин кабыл алынат. Ал эми конкурстун шарттары мэриянын расмий сайтына жарыяланган.