Япониядагы Diamond Princess круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алууга шектелип жаткан кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.
Буга чейин кыргызстандык жарандан коронавирустун жеңил түрү табылганы айтылган. Ал кайрадан медициналык тест тапшырганда таза чыкты.
«Тышкы иштер министрлиги мекендешибиз Япониядагы ооруканадан чыгарылганын, учурда ал Токио шаарында экенин кабарлады»,— деп айтылат маалыматта.
Аталган министрликтин маалыматына ылайык, кыргыз жараны 1-мартта ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылган.
«Кыргыз жаранына Япониядагы госпиталдан медициналык сертификат бар. Анда коронавирус аныкталбаганы тастыкталган маалымат көрсөтүлгөн. Мекендешибизди өлкөгө алып келүү чечими каралса, анда ал Кыргызстанга келгенден кийин 14 күнгө карантинге алынат», — деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Мурдараак жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде мекендешибиз коронавирус жукканы аныкталбаган күндө да Кыргызстанга жакын арада келбей турганын билдирген.