Бүгүн Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүү башталат

Автор -

Бүгүн, 3-мартта Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүлөр башталат. Алгачкы угууларда иш тууралуу маалымат берилет. Бул туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, сот жараянына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да айыпталуучу катары катышат.

«Алмаз Шаршенович өлкөдөгү мыйзамсыздыкка, адам укугунун бузулуусуна, баш-аламандыктарга каршы туруп, өз позициясын билдирип чыккан адамдардын жанында болуу үчүн сотко катыша турганын айткан. Бүгүнкү соттук териштирүүдө экс-президент катышуусу күтүлүүдө», -деген ал.

Кундуз Жолдубаеванын маалыматына караганда, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан. Жолдубаева сотту жабык өткөрүү аракети күтүлүп жатканын кошумчалап, жараянды ачык өткөрүүнү соттон өтүнүшөрүн кошумчалады.