ЖК мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев УКМКнын Тергөө камак жайына киргизилди. Ал бийликти күч менен басып алууга аракеттенүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматта 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митингдин активдүү катышуучусу Д.А. аттуу жаран да кармалганы айтылат.
«Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 39- жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмышка шектүү катары КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, алардын баш коргоо чарасы каралат.
Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда», -деп билдиришти УКМКдан.






























