Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-мартта саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингине катышкан бир аялга карата камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынын өкүлү билдирди.
«А.С.Дубанбаева аттуу аялдын баш коргоо чарасы каралып, ал соттун чечими менен 3-майга чейин камакка алынды. Аталган жаран УКМКнын тергөө жайына киргизилди», — деп билдирет маалымат катчы.