Чүйдө айланма жолдо болгон кырсыктан эки адам жабыркады

Автор -

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы айланма жолдо автокырсык катталып, айдоочулар жаракат алышты. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы окуя 5-мартта саат 22:30 чамасында орун алганын айтты.

«Айланма жолдо жүк ташыган «Мерседес Бенц» кичи автобусу менен «Тойота Эстима» жеңил унаасы сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1969-жылы туулган (жеңил унаа айдоочусу) жана 1995-жылы туулган (жүк ташуучу кичи автобустун айдоочусу) айдоочулар жаракат алышты. Унаалар айып аянтчасына токтотулду. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деди мекеменин маалымат катчысы.