ТИМ: Карантинге алынган Grand Princess лайнеринде эки кыргыз жараны бар

Автор -
201

Коронавирус коркунучунан улам карантинге алынган Grand Princess круиздик лайнеринде эки кыргыз жараны бар экени такталды. Бул туурасында ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Grand Princess лайнеринин түшүп калган эки жүргүнчүсүнөн коронавирус инфекциясы табылгандыктан, кеме 5-мартта АКШнын Калифория штатынын жээгинде карантинге алынганы белгилүү болгон.

6-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын элчилигине лайнердин ичинде эки кыргызстандык жаран бар экенин кабарлаган.

Элчилик ал жарандар менен түз байланышка чыгып, ал-абалдарын билди. Экөө тең ахыбалдары жакшы экенин, кемеде үч маал тамак берип жатышканын жана бардык жүргүнчүлөр каюталарда кармалып турганын билдиришкен.

Элчиликтин маалыматына караганда, 9-мартта кеме Калифорниянын Окленд портуна жөнөтүлүп, шашылыш дарылоого муктаж жүргүнчүлөрдү түшүрөт.