Өмүр бою эркинен ажыратылган 200 адам ачкачылык жарыялаганы маалым болду

Автор -

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаза мөөнөтүн өтөө жайларындагы өмүр бою эркинен ажыратылган 200дөй адам ачкачылык жарыялады. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ЖАМКтын №1, №16 №19 жана №25 мекемелеринде отурган соттолуучулар сот жана прокуратура органдарынан алардын конституциялык укуктарын коргоп берүүнү талап кылышкан.

«Ачкачылык жарыялаган 200 адам соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдын негизинде алардын иши кайра каралыш керектигин билдиришкен. Ал эми Жаза аткаруу кызматы жазык мыйзамдары 2019-жылы өзгөртүлгөнүн жана андагы мунапыс берүү мыйзамына ылайык, алардын ишин кайра карап чыгуу боюнча 2019-жылы эле тиешелүү мекемелерге кайрылуу болгонун белгилешет. Бирок соттор аны канааттандыруудан баш тартып койгондуктан, ачкачылык жарыялоо негизсиз», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, азыркы тапта ЖАМКтын жаза өтөө мекемелеринде өмүр бою эркинен ажыратылган 347 адам отурат.