Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эгиз уулдуу болду. Анын жубайы Малика Арстанбекова бүгүн, 11-мартта шаардагы төрөтканалардын биринде көз жарган.
Мындай сүйүнүчтүү кабар менен экс-премьерди бир туугандары, жакындары сот залынан куттукташты.
Эскерте кетсек, Сапар Исаков өмүрлүк жары Малика Арстанбекова экөө 4 кызды тарбиялап келишкен. Эң улуу кызы 18 жашта, эң кичүүсү эки жашта.
Эне-балдардын абалы жакшы экени айтылат.