Депутаттын коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы белгилүү болду

Автор -
503

Бүгүн, 13-мартта Германиядан иш сапардан келген ЖК депутаты Аида Касымалиева коронавирус боюнча 14 күнгө үй карантинине алынган. Бишкекке келгенде, самолеттун ичинен да, аэропортко киргенден кийин да текшерилип, анализ алынганын айткан эл өкүлү анын жыйынтыгы менен бөлүшөрүн убадалаган.

Убада кылгандай эле, Facebook баракчасында анализ таза чыкканын жарыялады.

«10-12 күндөн кийин кайра анализ алышат», -деди депутат.

Эскерте кетсек, Республикалык штабдын сунушу менен ЖК депутаттары Аида Касымалиева менен Абдыбек Дүйшалиев, ошондой эле 7 кызматкер карантинге жайгаштырылган.