Орусия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 5 800 реагент берди

Автор -

Орусия коронавирусту аныктоо үчүн колдонулган реагенттин кезектеги партиясын жиберди. Аталган химиялык заттан — 5 800 даана келди. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында белгилүү болду.

«13-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок. 303 киши карантин шартындагы медициналык көзөмөлдө. Карантин үчүн жалпысынан 1602 орун даярдалган, бул сан зарылдыкка жараша көбөйөт. Ал эми Орусия Кыргыз мамлекетине коронавирусту аныктоо үчүн кезектеги 5 800 реагент жиберди», — деп айтылат маалыматта.