«Манас» аэропорту коронавирустан улам бир катар каттамдарды токтотту (тизме)

Автор -

Коронавирустун алдын алуу максатында «Манас» эл аралык аэропортундагы бир катар аба каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Аба каттамдарын убактылуу токтоткон авиакомпаниялар жана рейстер:

1. «Түштүк Кытай аба жолдору» (China Southern Airlines, Кытай Эл Республикасы):

Маршрут: Үрүмчү–Бишкек–Үрүмчү.

Бул каттам ушул жылдын 23-январынан 1-февралга чейин Кытайдагы Жаңы жыл майрамына карата токтотулган. 2-февралдан баштап аталган каттам толугу менен токтотулган.

2. «Флай Дубай» (Fly Dubai, Бириккен Араб Эмираттары):

Маршрут: Дубай–Бишкек–Дубай. 17-18-19-21-23-26-мартка белгиленген каттамдар убактылуу токтотулду.

3. «Эйр Арабия» (Air Arabia, Бириккен Араб Эмираттары):

Маршрут: Шаржа–Бишкек–Шаржа. 10-марттан 15-апрелге чейин шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрдөгү жүргүнчү ташыган каттамдары убактылуу токтотулду.

4. «Эйр Астана» (Air Astana, Казакстан):

Маршрут: Нур-Султан–Бишкек–Нур-Султан. Дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөргө белгиленген каттамдардын баары март, апрель айларында учууну убактылуу токтотту.

Маршрут: Алматы–Бишкек–Алматы. 16-18-мартка белгиленген каттам убактылуу токтотулду.

5. «Өзбекстан аба жолдору» (Uzbekistan Airways, Өзбекстан):

Маршрут: Ташкент–Бишкек–Ташкент. 16-марттан 28-мартка чейин ишемби күндөргө белгиленген каттамдар, 1-апрелден 22-апрелге чейин шаршемби күндөргө белгиленген каттамдар убактылуу токтотулду.

6. «Азимут» (Azimut, Орусия):

Маршрут: Ростов-на-Дону–Бишкек–Ростов-на-Дону. 11-марттан 15-мартка чейинки каттамдар убактылуу токтотулду.

7. «Урал авиа жолдору» (Ural Airlines, Орусия):

Маршрут: Екатеринбург–Бишкек–Екатеринбург. 11-18-25-мартка белгиленген каттамдар.

8. «Авиа Траффик Компани» (Avia Traffic, Кыргызстан):

Маршрут: Бишкек–Дели–Бишкек. 15-19-26-мартка жана апрель айына белгиленген каттамдар убактылуу токтотулду.

Маршрут: Бишкек–Стамбул–Бишкек. 19-22-26-30-март жана 2-3-5-6-9-10-12-13-16-17-апрелге белгилеген каттамдар убактылуу учпайт.

Маршрут: Бишкек–Санкт-Петербург–Бишкек. 21-28-март жана 4-11-15-18-апрель күндөрү учуучу каттамдар токтотулду.

9. «Вареш Эйрлайнс» (Varesh Airlines, Иран):

Маршрут: Тегеран–Душанбе–Бишкек–Тегеран. Аталган каттам ушул жылдын 3-февралынан тарта аптасына бир жолу жүргүнчү ташып баштаган. Аталган каттам 25-февралдан тартып белгисиз мөөнөткө чейин убактылуу токтотулду.

«Ош» эл аралык аэропортунан ишке ашырылып жаткан Эль-Кувейт–Ош–Эль-Кувейт (Jazeera Airways авиакомпаниясы) каттамы 10-марттан 1-апрелге чейин убактылуу токтотулду.

«Манас» аэропортунан билеттерди тапшыруу, кайра алуу жана каттамдардын учуу мөөнөтүн авиакассалардын, компаниялардан тактап алууну суранат.