Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирус жуктурган жаңы 14 учур катталды. Бул туурасында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов маалымдады.
«Нур-Султан шаарында жаңы катталган 14 бейтап тууралуу билдирип кетели. Аларда коронавирус бар экени такталып, карантинге алынышты. Алар менен байланышта болгон жарандар аныкталып, ал адамдарды да карантинге алуу иштери жүрүп жатат», — деди министр.
Бүгүнкү күндө Казакстанда бул илдетти жуктурганы анык болгондордун жалпы саны 27 адамга жетти. Дагы бир казакстандык Германияда дарыланууда. Эртең менен Алматыда 3 адамдан вирус чыкканы кабарланган.