Казакстандын борбору Нур-Султан менен Алматы шаары 19-марттан тарта карантинге жабылмай болду. Мындай чечимди президенттин алдындагы өзгөчө кырдаал режимин камсыздаган мамлекеттик комиссия кабыл алганын Sputnik Казакстан жазды.
«Коронавирус Нур-Султан менен Алматы шаарларында катталгандыгына байланыштуу жана вирустун Казакстандын башка аймактарына жайылып кетишин алдын алуу максатында мамлекеттик комиссия кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү чечти. Ага ылайык, Нур-Султан менен Алматы карантинге жабылмай болду», — деп айтылат өкмөттүн сайтында.
19-март күнү саат 00:00дөн тарта киргизиле турган чектөөлөрдүн тизмеси:
- Шаарлар карантинге алынып, санитардык жана эпидемияга каршы иш-чаралар аткарылат;
- Карантиндик зонанын периметри жана кирүү-чыгуу пунктулары аныкталат;
- Адамдардын кыймылы жана автоунаалардын кирген-чыкканы чектелет;
- Вирус жуктургандарга, шектелгендерге жана карантинге алынгандарга ылайыкташкан жайлар үзгүлтүксүз иш алып баруусу камсыздалат;
- Адамдардын кыймылы чектелиши керек болгон аймактар жана элди азык-түлүк менен камсыздаган соода-сатык жайлары аныкталат;
- Күндүз коомдук транспорттордун кыймылы чектелсе түнкүсүн токтотулат;
- Азык-түлүк, дары-дармек сатылбаган ири соода жайлары жабылат;
- Коомдук тамактануучу жайлар жаңы режим менен иштейт. Тагыраагы, тамак-аш кардардын үйүнө жеткирилип берилет;
- Калкты тейлөө борборлорунун иштөө режими өзгөрөт;
- Карантинге алынган зонадагы элдин бир суткада керектей турган азык-түлүк, дары-дармек жана тийиштүү товарлардын көлөмү аныкталат;
- Башка дагы чаралар көрүлөт.