Коомдук ишмер Аскар Салымбеков 100 миң медициналык маска сатып алууга каражат бөлүп берерин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, ишкер Аскар Салымбеков «Дордой» ассоциациясынын штабын түзөөрүн кошумчалаган.
«Тилекке каршы коронавирус бизге да келди. Бул илдет менен күрөшүү үчүн биз «Дордой» ассоциациясынын штабын түзүүнү туура көрдүк. Түзүлгөн штаб, өлкөдө коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн Республикалык штабга 100 миң медициналык маска сатып алуу үчүн каражат которот. Муну менен бирге, шаардын тазалыгын сактаган Бишкектеги «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине 3 миң бет кап сатып алууга каражат бөлөбүз», — деп жазган Аскар Салымбеков.
Аны менен катар, «Өзүңөрдү карагыла, биз биргебиз!», — деген чакырык менен дүрбөлөңгө алдырбоого жана чектөөлөрдү, дарыгерлердин айткандарын так аткарууга чакырды.