Мэрия: Тротуарда жаткан жигиттин оорусу кармап, кулаган

Автор -

Бишкекте тротуарда жаткан жигиттин оорусу кармап, жыгылып түшкөн, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, борбор калаанын Токомбаев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жерде жаткан жигитке «Тез жардам» кызматы жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барышкан.

«Алар Н.Ч. аттуу жигиттин 25 жашта экенин, түбү Ысык-Көлдөн экенин жана учурда калаада «Көк-Жар» конушунда жашап жатканын такташкан. Ал оорусунан улам дарыгердин каттоосунда турарын, көчөдөн приступ кармап калганын билдирген.
Дарыгерлер жигитти текшерип, үйүнө жеткирип коюшту, учурда анын абалы жакшы, окуянын коронавируска тиешеси жок», -деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Республикалык коронавирус менен күрөшүү штабы да жигиттин COVID-2019 илдетинен улам жыгылып калганын төгүндөгөн. Бирок анда жигиттин спирт ичимдигин ашыкча колдонуп алганы айтылган.