Кыргызстан Кытайдан дарыгер чакырууну көздөп жатат

Автор -

Кыргызстан коронавируска каршы туруш үчүн Кытайдан дарыгерлерди чакыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу 26-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын медицина кызматкерлери бүгүн-эртең келе калары тууралуу сөз жок, азырынча сүйлөшүү жана даярдык гана жүрүп жатат.

«Кытайда коронавирусту ооздуктоого катышкан адистер менен телеконференция уюштурулду. Кытайлык дарыгерлерди биздин өлкөгө чакыруу тууралуу кат даярдалып, Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн», — деди Акматова.

Учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 киши.  Бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат.

26-мартта оору жуккан жаңы учур катталган жок.

44 адамдын 20сы Ош облусунда, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда бир адам.