Коронавирус менен жабыркап жаткан бейтаптардын бешөө учурда реанимацияда жатат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор акыбалда. Жалпы 2 киши — Ноокатта, 2 — Ошто, бирөө — Жалал-Абадда.
Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116. Алардын ичинен:
• Жалал-Абад облусунда – 54;
• Ош облусунда – 30;
• Чүй облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 3;
• Ош ш. – 10;
• Бишкек ш. – 8;
• Нарын облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 2
Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.