Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 9 учур катталды

Автор -
996

Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 9 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Учурда бул илдетке чалдыккан 125 бейтап ооруканада жатат, алардын төртөө оор абалда, бир бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдыкка кошулган.