Бүгүнкү күнгө карата коронавирус табылган 201 адам ооруканада, алардын онунун абалы оор. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, он адамдын абалы оор болгон менен, өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдыкка муктаждык жаралган жок. Алар кычкылтек менен дем алып жатышат.
Бардыгы 23 адам коронавирустан айыгып чыкты, 4 адам өлдү.