Россиянын Новосибирск шаарындагы мекендештердин бир бөлүгү алынып келинет. Бул туурасында бүгүн, 8-апрелде онлайн брифинг учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, Орусия 11-апрелде Кыргызстандагы жарандарын алып кетүү үчүн атайын учак жөнөтөт.
«Учурдан пайдаланып, Новосибирсктеги биздин мекендештердин биринчи бөлүгү кайтарылат», — деди Боронов.
Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле, Түркияда дагы 360, Дубайда 300 кыргыз жараны мекенге кайтууну каалап жатышканын билдирди.
«Биз тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат. Болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондуктан азырынча келбей, эпидемиянын курч мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп туруу керек. Аэропорттор иштегенче баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам», — деп жарандарга кайрылды Кубатбек Боронов.
Жалпысынан 20-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин чартердик рейстер аркылуу сырттан 4769 адам мекенине алынып келинди.